Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Бурулайдын иши: жабырлануучулар эки милиция кызматкерине тосмо арыз жазды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жабырлануучу Турдаалы Кожоналиев эки милиция кызматкерине карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө тосмо арыз жазды. Анын өтүнүч катын жактоочусу Есения Рамазанова сотко билдирди. Алар Марс Бөдөшевдин автоунаасын токтотуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирип барган, жол коопсуздугун тейлеген инспекторлор. Сот аны ишке тиркеп, жараяндын аягында чечим чыгаарын билдирди.

Бишкектин Аламүдүн райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине карата козголгон иш каралып жатат. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Ишке шалаакы мамиле") менен иш козголгон. Алар үй камагына чыгарылган. Учурда милиция кызматкерлери сурак бере баштады. Алардын төртөө күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, бирөө такыр мойнуна алган жок.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу 23 милиция кызматкери жазаланып, 13ү иштен бошотулган. Бул иш боюнча 11-декабрда соттолгон Марс Бөдөшев жана Акмат Сейитов да күбө катары көрсөтмө беришет.

Буга чейин иш Жайыл райондук сотунда каралып, бирок жабырлануучу тарап сотко ишенбестик көрсөткөндүктөн Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлгөн.

11-декабрь күнү Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапкан. Сот Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды. Анын досу Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү”) боюнча 7 жылга эркинен ажыратылды.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. (AiA/TSh)

XS
SM
MD
LG