Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Депутат өкмөт башчынын кортежин сынга алды


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент депутаты Исхак Масалиев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кортежин Жалал-Абад облусундагы сапарында кыймылга тоскоол болгону үчүн сынга алды:

- Сиз Жалал-Абадга барган жакшы иштериңиз бир эле кадам менен терс таасирин берди. Сиз барганга чейин жолду тосуп, жарандарга тоскоол болду. Мен эстеп атам, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев бир гана МАИ менен айылдарды кыдырчу. Ушуну токтоткулачы!

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "сын пикирлер эске алынат" деп жооп берди. 8-декабрь күнү Сузак районунда "өкмөт башчынын автоунаасы өтөт" деп жолду тосуп жаткан видео Интернетке тарап, кызуу талкууга алынган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG