Сойкулук менен алектенгени сөз болгон алты миңдей аял быйыл жыл башынан бери эле катталган. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу 400гө көп.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, мындай маалымат укук коргоо органдары 11-декабрда жарыялаган баяндамада айтылат. Сойку катары катталгандардан 32си жашы жете элек кыздар, 1,5 миңи 18-30 жаш курактагылар, калгандары 30дан жогорулар.
Тажикстанда сойкулук кылмыш деп эсептелбейт, бирок аны менен алектенгендерге 50дөн 200 долларга чейин айыппул салынат. Эгер «жеңил ойлуу» кыздар милициянын колуна бир жылда эки же андан көп жолу түшсө, 10-15 күнгө чейин камалышы ыктымал.
Укук коргоочулар бийлик сойкулук менен күрөштүн ордуна кыздардын билим алышы, эрте никеге туруу, жакырчылык жана эмгек миграциясы сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурушу керек деп эсептешет. (EZK/UE)