Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Орус абагындагы Олег Сенцовго Сахаров сыйлыгы тапшырылды


Абактагы Олег Сенцовдун жакын тууганы Наталья Каплан, Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни жана Сенцовдун адвокаты Дмитрий Динзе Сахаров сыйлыгы тапшырылган учурда. Страсбург, 12-декабрь, 2018-жыл.
Абактагы Олег Сенцовдун жакын тууганы Наталья Каплан, Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни жана Сенцовдун адвокаты Дмитрий Динзе Сахаров сыйлыгы тапшырылган учурда. Страсбург, 12-декабрь, 2018-жыл.

Европа парламентинин 2018-жыл үчүн Сахаров сыйлыгы Орусиянын абагында олтурган украин кинорежиссеру Олег Сенцовго бүгүн Страсбургда тапшырылды:

- Олег Сенцовдун 145 күнгө созулган ачкачылыгы учурунда украиналык саясий айыпкерлердин бири да түрмөдөн бошотулган жок. Бирок бул Олег жеңилди дегенди билдирбейт. Олегдин аркетинен улам дүйнө Орусиядагы репрессия тууралуу айта баштады. Олег Орусиядагы украин саясий айыпкерлеринин маселесине өзгөчө көңүл бурдурду, ал жеңди, - деди режиссердун Европарламенттен сыйлыкты алганы келген жакын тууганы Наталья Каплан.

Сенцов Орусиянын түрмөсүндө 145 күнгө созулган ачкачылык акциясын 6-октябрда токтоткон.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн моюнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Ал 14-майдан тартып Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө 145 күн бою ачкачылык кармаган. Сенцовдун башкы талабы - Орусиянын абактарынан 64 украиналык саясий айыпкерди бошотуу болгон.

Европа парламенти 2018-жыл үчүн Сахаров сыйлыгын Олег Сенцовго дүйнөдө адам укуктарын коргоого “өзгөчө салым кошкону” үчүн ыйгарганын жарыялаган.

Европарламенттин советтик физик жана диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлыгы 1988-жылы негизделген. Сыйлыктын акчалай бөлүгү 50 миң еврого барабар. (UE)

XS
SM
MD
LG