Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:41

"Коопсуз шаар": Адамды басканынан тааный турган программа иштейт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында адамдарды бетинен жана басканынан тааный турган программа иштей баштайт. Бул долбоордун кийинки этабындагы план экенин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

“Парламент” радиосундагы маегинде ал биринчи этапта Бишкекте 38 видео көзөмөл орнотуларын, бул иш келерки жылдын алгачкы айларына пландалып жатканын айтты:

- Биринчи этапта негизги көчөлөрдүн кесилишинде, ылдам жүргөн трассаларда жол эрежесин бузгандарды аныктоого шарт түзүлөт. Андан кийин техникалык тил менен айтканда, функционалдуулук кошулат – эл көп чогулган жерлерде, чек арада, супермаркеттерде видео байкоо коюлат. Ошондой эле биометрикалык байкоо боюнча бетинен, басканынан таануу экинчи этап менен ишке ашат. Тез жардам, өрт өчүрүү кызматтарынын унаасына GPS навигация коюлат.

«Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега" радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Тиешелүү келишимге 12-ноябрда Бишкекте кол коюлган.

Долбоор бир нече жылдан бери ишке ашпай турат. Быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде орусиялык “Вега” концерни утуп чыккан. Бирок тендердин жыйынтыгы соттук териштирүү менен коштолуп, жыйынтыгында «Веганын» жеңиши негиздүү деп табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG