Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Төрөбаев мамлекеттик кызматкерлерди электен өткөрүүнү сунуш кылды


Бакыт Төрөбаев.

13-декабрда парламент жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев коррупция менен күрөшүү боюнча кайрылуу жасап, өлкөдөгү саясий, коомдук абал боюнча пикирин билдирди. Ал өкмөткө, парламенттеги фракция жетекчилерине кайрылып, чечкиндүү кадамдарга барууну сунуш кылды:

- Мамлекеттик кызматкер пара менен кармалды, уячалардан миллиондогон акча чыкты. Улуттук банктын төрагасы өз насыясын жокко чыгарды. Сотторго иш козголуп, Баткенде прокурорго мамлекеттик кызматкер кол салды. Буларды эл көрүп турат. Биз кайда баратабыз? Президенттин коррупцияны ооздуктоо аракетин колдобогон аткаминерлердин курамын кайра электен өткөрүү зарыл.

Мындан сырткары депутат Транспорт министрлигиндеги коррупциялык системаны жоюуну жана парламент өкүлдөрүнүн арасынан тандап мамлекеттик кызматтарга коюуну сунуш кылды. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG