Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Депутаттардын кош жарандуулугун текшерүү сунушталды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мамлекеттик кызматтарда иштеген кош жарандыгы бар кызматкерлерди аныктап, аларды жарандыктан ажыратууну сунуш кылды. Ал парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, эгер бул иштерди тез арада аткарбаса мамлекеттик башкарууда коркунуч жаралышы мүмкүн экенин айтты:

- “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинин орун басарлыгына Казакстандын жарандыгы бар киши келди. Ал - мамлекеттик маанилүү мекеме. Экинчиден, биз тазаланууну өзүбүздөн баштап, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарандыгын кайрадан караш керек. Акыркы фактылар көрсөтүп жаткандай арабыздан башка мамлекеттин жарандары чыгып жатат. Үчүнчүдөн, укук коргоо органдарында, анын ичинен ИИМ, Мамлекеттик чек ара кызматында иштегендердин кош жарандуулугун аныктоо зарыл, - деди Икрамов. ​

Эл өкүлү андан сырткары саясий партияларды түзгөндөрдү, партия жетекчилеринин жана четтен каржыланган массалык маалымат каражаттарын негиздегендердин жарандыгын текшерүү маселесин көтөрдү.

Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары 29 киши кармалган. Анын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG