Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:01

Чукул билдирүү: Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 16-19-декабрь күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. 16-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11,

Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,

Нарын облусунунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкек шаарында 14-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3° , күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот. (BTo)

XS
SM
MD
LG