Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Орусиядагы «кара тизмеден» 6 миңдей кыргыз мигранты чыгарылды


Москвадагы кыргыз элчилиги.
Москвадагы кыргыз элчилиги.

Орусияда жарыяланган миграциялык мунапыстын алкагында «кара тизмеден» мурунтан Орусияга кирүүгө тыюу салынган 5 488 жаран чыгарылды. Мындан тышкары, Орусияда учурда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн 100 миңге жакын кыргызстандык чек арага чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга жетишти. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилиги орусиялык органдарга таянып маалымдады.

Орусияда мигранттарга мунапыс кыргыз-орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин берилген. Ага ылайык, 16-октябрдан 10-декабрга чейин Орусиянын аймагында миграциялык каттоого туруунун эрежелерин сактабай жүргөндөргө миграциялык картасын жаңыртууга мүмкүндүк берилген.

Ал эми Орусиянын «кара тизмесинен» бир же бир нече жолу жеңил административдик айыпка тартылып, Орусиянын № 114 федералдык мыйзамынын 26-беренесиндеги 4-8-пункттары боюнча айыпталган кыргызстандыктар чыгарылаары кабарланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «кара тизмеде» 70 миңдей кыргызстандыктын 50 миңи соттун чечими менен Орусиядан чыгарылганын, бул жеңилдиктерди калган 20 миңдей жаран колдоно алаарын кабарлаган болчу.

Укук коргоочулар кыргызстандыктарга берилген мунапыс тууралуу Орусиянын органдары тарабынан расмий жарыяланбай, эки тараптуу юридикалык күчкө ээ болгон документ бекемделбей калгандыктан, бул миграциялык жеңилдиктер толук ишке ашпай жатышканын айтып чыгышкан.

Ошондой эле кыргызстандык бир топ мигранттар Орусиянын чек арасынан чыгып, кайра кире албай калганын, мунапыстын шарттары боюнча жеңилдик каралып, бирок иш жүзүндө «кара тизмеден» чыгарылбагын айтып кайрылган учурлар болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча учурда Орусияда 650 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. (Lzt)

XS
SM
MD
LG