Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-декабрда кол койгонун президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Жогорку Кеңеш 12-декабрда Жээнбаеванын талапкерлигин жактырып, аны 101 депутат колдогон.
58 жаштагы Бактыгүл Жээнбаева буга чейин президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген. Ага чейин Улуттук банк, “Айыл Банк”, Мамлекеттик ипотека компаниясы өңдүү каржы мекемелерин жетектеген.
6-декабрда 2015-жылдан бери финансы министри болуп иштеп келаткан Адылбек Касымалиев өз арызы менен кызматтан кеткен. (BTo)