Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Кытайда экинчи канадалык жаран кармалды


Кытайдын "Хуавей" компаниясынын каржылык директору Мэн Ванчжоу. 2-октябрь, 2014-жыл.
Кытайдын "Хуавей" компаниясынын каржылык директору Мэн Ванчжоу. 2-октябрь, 2014-жыл.

Канадалык ишкер Майкл Спаворго "Кытайдын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ишмердүүлүгү үчүн" кылмыш иши козголгонун расмий Бээжин 13-декабрда ырастады. Ушундай эле айыптоо менен бир күн мурда дагы бир канадалык дипломат Майкл Ковриг кармалган. Маалым болгондой Майкл Спавор Кытай менен Түндүк Корея чектешкен аймакта иштечү. Ал тургай анын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен чогуу жүргөн видеолорду да Интернетке чыкты.

Кытайдагы камоо өткөн жумада Канадада "Хуавей" компаниясынын каржылык директору Мэн Ванчжоу камакка алынгандан тартып башталды. Шейшембиде Ванкувер соту аны 7,5 миллион долларлык күрөөгө бошоткон. Ишкер айымды Канаданын бийлиги Вашингтондун өтүнүчү менен 1-декабрда кармалган. Эми аны АКШга өткөрүп берүү же биротоло бошотуу маселесин чечиши керек.

Вашингтон "Хуавей" компаниясынын жогорку өкүлүн "АКШнын каржылык көзөмөл мекемесин алдаш үчүн көз боёмочулук схемаларын түзгөн" деп айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG