Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:56

Милиция: кытай жаранынын ур-токмогу тууралуу видео териштирилип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Интернетте "кытай жараны сабады" деп тараган видео боюнча билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү Жайыл райондук ооруканасына 35 жаштагы М.И. аттуу жаран кайрылган. Анын мээси чайкалган жана бети менен колу кесилген.

Милицияга жабырлануучу 10-декабрь күнү саат 18:00 чамаларында үйүнүн жанынан 30-35 жаштагы белгисиз үч жаран күч колдонуп ак түстөгү "Toyota Windom" машинесине салып кеткенин айтып берген. Өз айтымында, аны белгисиз тарапка алып барып колун байлап, учтуу буюм менен кескилеп, анан Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүнүн бирине таштап кетишкен. М.И. аттуу жаран аны ур-токмокко алгандардын арасында чет элдик жаран болгонун билдирген.

Учурда бул факт боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 123 ("Адам уурдоо") беренеси менен иш козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин "Фейсбук" социалдык тармагында "кытай жараны сабады" деген видео тарап, кызуу талкууланууда. Анда карыя жанындагы турган кишини сабагандар кытайлар экенин айтып, мындай көрүнүшкө чара көрүп берүүнү өтүнүп президентке кайрылып жатканы тартылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG