Иранда социалдык медиада маалымат жазганы үчүн абакка кесилген саясий активист көз жумду. Саяди Насири ачкачылык кармай баштагандан 50 күндөн кийин жарыкчылык менен кош айтышканын үй-бүлөсү кабарлады.
Насиринин карындашы "Азаттыктын” "Фарда" кызматына билдиргендей, активист Кум шаарындагы ооркунада 12-декбарда үзүлгөнүн бийлик өкүлдөрү кабарлашкан. Анын айтканына караганда, агасы Кумдагы шарты катаал түрмөдөн Тегерандагы Эвин абагына которууну талап кылып, ачкачылык кармай баштаган.
Насири 2015-жылдын сентябрь айында Ирандын Жогорку руханий лидери Али Хаменеинин «беделине шек келтирген» жана “мамлекетке каршы үндөгөн” деген кине менен сегиз жылга кесилген.
Насири жазанын жарымын өтөгөн соң март айында абактан бошотулуп, бирок августта мурдагыдай эле айыптар менен кайра камалган.