Орусиянын бийлиги "Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик эки уюмду каржылык жактан колдоп турушкан" деген шек менен жети киши кармалганын билдирди. Тергөө комитети 13-декабрда тараткан маалыматка ылайык, Москва облусунда, Чеченстанда, Дагестанда жана Ингушетияда кармалган жарандар радикалдык исламды жактап, 2010-жылдан ушул күнгө чейин «Ислам мамлекети» жана «Жебхат-Ан-Нусра» террордук уюмдарынын катарында согушуп жүргөн жоочулардын эсебине 38 миллиондой рубль которушкан. Алар муну банк аркылуу ишке ашырышкан.
Бейшембиде ошондой эле Ингушетия Республикасынын бийлиги террорчулук боюнча шектүүкатары эки адам жок кылынганын маалымдады. Алардын бирөө Назрань шаарындагы полиция бекетине граната ыргытууга үлгүргөн. Чабуулда эки полиция кызматкери жарадар болгон.
Орусия өзүнүн эки миңдей жараны Сириядагы «Ислам мамлекети» радикал уюмунун катарында согушуп жүргөнүн билдирип келет. Алардын көбү Түндүк Кавказ аймагынан экени белгилүү.