Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурордун иши иликтенип бүттү


Рашид Кадыров.
Рашид Кадыров.

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров баштаган 24 аткаминерге козголгон кылмыш ишин иликтөө декабрдын башында аягына чыкты. Кадыров "Акча талап кылуу", "Кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу" жана "Пара алуу" беренелери боюнча айыпталып жатканы маалымдалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, "Кадыровдун ишине" байланыштуу 24 киши кармалган. Алардын көбү - прокуратуранын мурдагы кызматкерлери.

Айыпталып жаткандардын биринин адвокаты иш менен таанышууга 25-декабрга чейин мөөнөт берилгенин айтты.

66 жаштагы Кадыров Башкы прокуратураны 15 жыл бою жетектеп, 2015-жылдын апрель айында иштен алынган.

Анын 39 жаштагы уулу Алишер Кадыровго Ички иштер министрлиги ушул жылдын мартында эл аралык издөө салган. Ал «Алдамчылык» жана «Опузалап акча талап кылуу» беренелери менен айыпталып жатат. Жалпысынан ата-балага жарым миллиард долларлык доо коюлган.

Президент Шавкат Мирзиёев былтыр атайын кызматтын, бажы кызматынын жана прокуратуранын ишин сынга алып, мекемелерди «эң башкы уурулардан» тазалоого убада берген.

XS
SM
MD
LG