Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

АКШ түрмөсүндөгү Мария Бутина күнөөсүн мойнуна алды


Мария Бутина, 21-апрель, 2013-жыл.
Мария Бутина, 21-апрель, 2013-жыл.

Кошмо Штаттар "Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн" деп айыптаган орус жараны Мария Бутина чет элдик агенттер жөнүндө америкалык мыйзамды бузганын мойнуна алды. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгонун "Reuters" агенттиги кабарлады.

Бутина өзүнө коюлган айыптардын бирин гана моюнуна алды. Калган айыптарды, анын ичинде "Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн" дегенди четке какты.

Ушул тапта Бутина беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок прокуратура менен кызматташса жазасы дагы жеңилдеши мүмкүн. Сот анын өкүмүн 2019-жылы угузат.

АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент быйыл июлдун ортосунда кармалган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бутинаны "саясий туткун" деп атаган.

XS
SM
MD
LG