Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

АКШ: орус жараны "чет элдик агент" деп шектелүүдө


Мария Бутина.
Мария Бутина.

АКШда Чоң жюри Орусиянын жараны Мария Бутинага "чет элдик агент" деп каттоодон өтпөгөнү үчүн жаңы айып такты.

Буга чейин ага "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган. Бутина америкалык саясатчыларга таасир этүүгө аракеттенген, Орусиянын кызыкчылыктарын сүрөгөн жана орус бийликтерине иштеген деп шектелүүдө. Москва Бутинанын кармалышын сындап жатат.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 29 жаштагы Мария Бутина 15-июлда Вашингтондо кармалган. Федералдык иликтөө бюросунун версиясына ылайык, ал 2015-жылдан 2017-жылдын февралына чейин орус өкмөтүнүн кызыкчылыгына иштеген, бирок «чет өлкөлүк агент» деп катталган эмес. Анын жетекчиси - АКШнын Финансы министрлигинин санкциялар тизмесине кирген, орусиялык жогорку даражалуу аткаминер болгон.

Шаршембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова Бутинаны атайылап Трамп менен Путиндин Хелсинки саммити алдында кармашканын айтты:

- Эми Орусия жараны Бутинага жаңы, акылга сыйбас айыптарды тагып жатышат. Бул аз келгенсип, камакка алышты. Сыягы, бул кырдаалды көпкө анализдесе болот. Бирок биз камакка алуу чарасын - Американын ичинде да, сырттагы өнөктөштөрүнө да окуя канчалык олуттуу экенин көргөзүш үчүн атайылап тандап алышкан деп ойлойбуз.

Путин менен Трамп 16-июлда Хелсинкиде жолугушкан.
Путин менен Трамп 16-июлда Хелсинкиде жолугушкан.

"New York Times" басылмасынын жазганына караганда, 2016-жылы Бутина президент Путин менен шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жаткан Трамптын жашыруун жолугушуусун уюштурууга аракеттенген. Ошондой эле башка маалымат каражаттары Бутина жана жетекчиси, Орусия Борбордук банкынын мурдагы төрага орун басары, экс-сенатор Александр Торшин бир нече убакыттан бери Москванын Америкадагы шайлоого кийлигишүүсүн иликтеп жаткан атайын кызматтардын назарында болуп келгенин жазышты. Торшин бул окуя тууралуу үн ката элек.

Барнаулдук ишкердин кызы Мария Бутина бир нече эмерек дүкөндүн ээси. 22 жашында Москвага көчүп кетип, «Курал укугу» деп аталган коомдук уюм түзгөндөрдүн бири болгон.

Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Торшин менен байланышып, АКШдагы таасирдүү «Улуттук курал ассоциациясы» аркылуу орустардын кызыкчылыгына кызмат кылган. Адвокат Роберт Дрисколл орус жаранына коюлган айыптарды четке кагып, Бутина өз эрки менен Сенаттын Чалгын комитетине сурак берип, «миңдеген» документтерди да көрсөткөнүн айтты.

Бутина айыпталган беренелер боюнча 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган, бирок ага «тыңчылык» же «орус чалгындоо мекемесинин кызматкери» деген күнөө тагылган жок.

Бутина Кошмо Штаттарга 2016-жылдын августунда студенттик виза менен кирген. Расмий түрдө ал Вашингтондогу Америка университетинин алдындагы бизнес-мектепте изилдөөчү-кызматкер болчу. Окуусун быйыл майда аяктап, магистр даражасын алган.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги ага эч кимди киргизбей жатышканын шаршембиде билдирди.

"Washington post" гезити Бутинанын кармалышы жөнүндө ГРУнун 12 офицеринин иши боюнча айыптоо документи жарыялангандан кийин маалым болгонун баса белгилеген. Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын кызматкерлери АКШ демократиялык партиясынын компьютерлерин бузуп кирген деп күнөөлөнүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG