Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги абанын булганышын өлчөөчү жаңы жабдуу сатып алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Рысалиев билдирди.
Анын айтымында, мониторинг жүргүзүп туруучу автоматтык станциялар Бишкек шаарында орнотулат.
- Бүт талаптарга жооп берген заманбап аппараттар болот. Алар Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу иштерин жолго коюуга да жардам берет, - деди ал.
Жаңы жабдуу “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” мыйзамдын негизинде сатылып алынат. Тендерге катышууну каалагандар 3-январга чейин арызын жөнөтсө болот.
Жакында "Move Green" коомдук кыймылы баш калаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги муну четке кагууда.
Бирок күн сууктаганы Бишкектин асманын ыш каптады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну тастыктаган сүрөттөрдү Интернетке жүктөп жатышат. (RK)