Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Макмалда биргелешкен ишкана түзүүгө үч арыз түштү


Макмал.
Макмал.

«Макмалалтын» комбинатынын филиалынын базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынакка үч компаниядан арыз түштү. Инвесторлордун арызын кабыл алуу 13-декабрда жыйынтыкталган.

Учурда “Кыргызалтын” ишканасында мекеме аралык комиссия сунуштарды карап жатат. Сынактын жеңүүчүсү беш жумушчу күндүн ичинде аныкталат.

Кенди иштетүүнү каалаган ишканаларга жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу, кенди иштетүүдө экологиялык жактан коопсуз заманбап технологияларды колдонуу, алтын ылгоочу жаңы фабрика куруу же учурдагы фабриканы модернизациялоо өңдүү бир катар талаптар коюлган.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кенди иштетүү үчүн сынак бир ай мурда жарыяланган.

Анын алдында өкмөт тиешелүү жетекчилерге Макмал кениндеги өндүрүштү ишке киргизүүнү тапшырган.

Комбинаттын аймагында кытайлык "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар жыл башынан бери бир нече жолу митинг өткөрүшкөн.

11-апрелдеги нааразылык акциясында ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөн. Окуя боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, бир нече кишиге айып коюлган. Компаниянын иши августтан бери токтоп турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG