Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Жээнбеков транспорт министрин иштен четтетип турууну тапшырды (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн, 14-декабрда Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен четтетип турууну өкмөт башчыга тапшырды.

Президент бул кылмышка тиешелүү адамдардын баарын жоопко тартуу керек экенин белгиледи. Ал министрдин ишиндеги кемчиликтерге карабай Коопсуздук кеңешинин жыйынына келип алганын сынга алды.

Буга чейин транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин паракорлукка байланыштуу кармалганы боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин кескин сынына кабылган.

6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган.

Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда. (EBm/TSh)

XS
SM
MD
LG