Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Келдибеков Атамбаевди сотко бере турганын билдирди


Ахматбек Келдибеков.
Ахматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков жергиликтүү “NUR TV” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку айткандары боюнча аны сотко бере турганын айтты.

"Адамдын жеке аброюна шек келтирип сүйлөп атат. Менин аброюма шек келтирип сүйлөгөнү үчүн сотко берем. Эгерде ошол сотко келип далилдеп бербесе мен соттон жоопко тартсын деп талап кылам", деген Келдибеков.

Келдибеков жакында экс-президенттин кол тийбестиги жоюларына ишенерин кошумчалады. 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалындагы маегинде Ахматбек Келдибековду коррупцияга байланыштуу айыптаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG