Ош облустук прокуратурасы Өзгөн районунун автоунаа каттоо департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, Мамлекеттик каттоо кызматынын Өзгөн райондук автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо департаментинде 2017-жылы чет жактан кирген 17 автоунаа толук текшерүүсүз, жасалма документтердин негизинде каттоого алынган.
Натыйжада мамлекетке 10 млн. 278 миң сомдук зыян келтирилген. Ош облустук прокуратурасы тарабынан аталган департаменттин жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Бажы төлөмдөрдү төлөөдөн качуу”), 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. (MdN)