Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:08

Парламенттеги вице-спикерликке Касымалиева сунушталганы кабарланды

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Парламенттин КСДП фракциясы бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алды. Анын ордуна азыр депутат Аида Касымалиева сунушталып жатат. Бул тууралуу парламенттеги ишенимдүү булак маалымат берди.

КСДП фракциясынын депутат Асел Кодуранова бул кызматта 2017-жылдан бери иштеп келаткан. Ал 13-декабрь күнү экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбооруна каршы добуш бергени айтылган болчу. Бул маалыматтарды такташ үчүн өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG