Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Екатеринбургда Айтматов атындагы көчө пайда болду  


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Уралда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы Екатеринбургдагы Октябрский районундагы борбордук көчөгө берилди.

Тиешелүү өкмөттүк токтомду 13-декабрда Екатеринбургдун мэри Александр Высокинский Уралдагы башкы кыргыз консулу Бообек Салимжанов менен жолугушуу учурунда тапшырган.

Буга кошумча Екатеринбургда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Свердлов облусундагы Айтматов күндөрү» деп аталган бир катар маданий-коомдук иш-чаралар өткөрүлгөн.

Бул мааракелерди уюштурууга Свердлов облусунун өкмөтү менен Екатеринбург шаарынын администрациясы жигердүү колдоо көрсөткөн.

Орусиянын Екатеринбург шаарында 30 миңдей, ал эми жалпы Свердлов облусунда 50 миңден ашуун кыргызстандык мигрант эмгектенет. (LzT)

XS
SM
MD
LG