Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Төрөбаев Атамбаев жөнүндө айтканына түшүндүрмө берди (видео)


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 2х1 форматындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев жөнүндө айтканы тууралуу түшүндүрмө берди.

- Мен көрдүм, форумдун “фейктерине” катуу тийип кетти. Бул жерде башкача караш керек. Ошол алты жылда “бакиевчи, Бакиевди алып келгиси келип атат, Бакиевдин жолуна түштү” деп бизди коркутуп келген. Бакиев келбейт, Акаев келбейт. Болду, алар тарых болуп жабылды. Атамбаев да өз вазийпасын аткарды. Эми эскилерди унутуп, жаңыча кетишибиз керек.

Төрөбаев Атамбаевге сын айтпастан, азыркы бийликти жаңы кадамдарды таштоого үндөгөнүн кошумчалады.

Ноябрь айынын аягында экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековду "Бакиевдердин жолуна түштү" деп айыптаган. Андан көп өтпөй “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мурдагы жана азыркы президенттин айланасындагы сөздөр боюнча комментарий берип, "Атамбаев кайрадан “Бакиев, Акаев” деп коркута баштады" деген.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Төрөбаевдин 2017-жылы 15-сентябрда өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча өткөн чоң жыйында "президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өнүгүшүнө абдан чоң салым кошту" деп айтканын эске салып, катуу сындап чыгышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG