Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Косовонун парламенти армия түзүүнү жактырды


Косовонун парламенти.
Косовонун парламенти.

Косово парламентинин депутаттары кадимкидей армия түзүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырышты. Өлкөнүн жеңил куралданган күжүрмөн күчтөрүн кесипкөй армияга айландыруу тууралуу сунуш бир добуштан өттү. Бирок 14-декабрдагы сессияны серб азчылыгынын өкүлдөрү бойкот кылышты.

Президент Хашим Тачи "жаңы армия көп улуттуу, кесипкөй болорун, өлкөнүн бардык жарандарына, чөлкөмдөгү, керек болсо дүйнөдөгү тынчтыкка кызмат өтөөрүн” билдирди.

АКШ Косовонун бул кадамын колдогону менен жараян бир топ жылга созуларын айтып келатат. Приштинадагы элчи Филип Коснетт “Көз каранды эмес, эгемен өлкө катары Косово өзүн коргоого жөндөмдүү болушу табигый көрүнүш” деп билдирди.

Белград жана серб улутундагылар бул кадам БУУнун резолюциясын бузуу болуп саналарын, серб азчылыгына каршы багытталарын айтып, куралдуу күчтөрдүн түзүлүшүнө каршы чыгып жатышат. Приштина "армия серб азчылыгына каршы колдонулат" деген дооматты четке какты.

Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич Косово армиясынын түптөлүшү Балканда тынчтык орнотуу аракетине каршы келерин билдирди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг добуш берүүнүн алдында альянстын көп мүчөлөрү Косового бул планды токтото турууга кеңеш беришкенин белгиледи.

Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини Косово парламентинин чечимине өкүнөрүн айтты.

Приштина менен Белграддын мамилеси Косово Сербиядан өз алдынчалыгын жарыялаган 2008-жылдан бери чыңалып турат. Косовону дүйнөнүн 110 мамлекети тааныган.

XS
SM
MD
LG