Кремль АКШда тыңчылык боюнча айыпталып жаткан Мария Бутинага каршы дооматтар “негизсиз” деп билдирди. Ал эми тышкы иштер министри Сергей Лавров орусиялык жаран “жалган күнөөнү моюнга алдыруучу шарттарда кармалган деп болжолдоого негиз бар экенин” айтты.
Кошмо Штаттар "Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн" деп айыптаган Бутина АКШнын чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамын бузганын мойнуна алды. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгону 13-декабрда кабарланган.
Орус жараны коюлган айыптардын бирин гана моюнга алды. Калган айыптарды, анын ичинде "Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн" дегенди четке какты. Ушул тапта Бутина беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок прокуратура менен кызматташса жазасы жеңилдеши мүмкүн. Сот анын өкүмүн 2019-жылы угузат.
АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент быйыл июлдун ортосунда кармалган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бутинаны "саясий туткун" деп атаган.