Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:53

Жакупова: Атамбаев Жээнбековго саясий айдыңды тазалап берип кетти


"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова

"Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова маалымат каражаттарынын бирине интервью берип мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыркы бийликке саясий айдыңды тазалап бергенин айтты.

- Мен Атамбаевдин таарынычын түшүнөм, себеби ал журналисттерди басмырлап, жарандык коомду катуу кысымга алып, Жээнбековго саясий айдыңды тазалап берип кеткен. Азыркылар Атамбаев президенттигинин алгачкы жылдарында көргөн каршылыкты көргөн жок. Бирок мен азыр системадагы жаңыланууну көрбөй жатам. Цикл өзгөргөн жок. Бир адам беш-алты жылга келет. Алгачкы эки жылы ал легитимдүү болуунун аракетин көрүп, бейөкмөт уюмдар, журналисттер менен жолугуп, демократияны колдорун, либералдуу, сабырдуу болорун айтат. Эки жыл ичинде бардык жерге өзүнүн кишилерин коет да, анан биз демократияга өтө эле кызыгып азгырылып кеттик деп, кайра артка кетүү процесси башталат. Бул бир гана Алмазбек Шаршеновичке тиешелүү эмес. Бул бардык президенттерге тиешелүү.

Башкы прокуратура 2017-жылы андагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын жана абийирин коргоо боюнча беш доо арыз жиберген. Анда Октябрь райондук соту "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованы ​үч миллион сом төлөөгө милдеттендирген. Бул чечимди шаардык жана Жогорку сот күчүндө калтырган. Кийинчирээк мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жакуповадан өзүнүн материалдык доосун чакыртып алган. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (39)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG