Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Ошто азан айткандардын жарышы өтүп жатат


Оштогу мечит.
Оштогу мечит.

Ошто азан айткандардын жарышы өтүп жатат. Азанчылар сынагын “Мухаммед-Умар Ош” коомдук бирикмеси уюштурган. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган бирикменин өкүлү Арыпбек Айтбаев билдирди.

Айтбаевдин айтымында, сынак азанчылардын деңгээлин көтөрүү, азанды мыкты айткандарды даңазалоо максатында уюштурулган. Сыйлыкка ноутбук, планшет жана телефондор коюлган.

Уюштуруучулар мындай сынактар өлкөнүн бардык облусунда уюштурулуп, финалдык жарыш Бишкек шаарында өтө турганын кошумчалашты.

“Мухаммед-Умар” спорт клубу буга чейин коомчулукка эрежесиз мушташка катышкан спортчуларды машыктырган зал катары таанылган. Аталган спорт залдын машыгуучуларынын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу “Азаттыктын” “Бандиттер байырлаган Ош” аттуу иликтөөсүндө баяндалат. (YI)

XS
SM
MD
LG