Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Аба ырайы: жаан карга айланат


Кашка-Суу. Чүй өрөөнү.
Кашка-Суу. Чүй өрөөнү.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 16-декабрда өлкөнүн бардык аймактарында кар жаайт. Мындай абал 19-декабрга чейин сакталат. Талас өрөөнүндө жаан карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Айрым учурда 14 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…5,

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус болот.

16-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-6 метрге, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1°…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° болот. (KR)

XS
SM
MD
LG