Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Евробиримдик Британия менен Брекзит cүйлөшүүсүн жандантуудан баш тартты


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Еврокомиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Еврокомиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер.

Брюсселдеги саммитте Евробиримдик Британия менен мурда макулдашылган Брекзит келишимине толуктоолорду киргизүү тууралуу жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөн баш тартты.

Келишимде Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жоболору жана шарттары жазылган.

Ушул аптада Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин кабинети Брекзит долбооруна добуш берүүнүн мөөнөтүн жылдырган. Мэй долбоорду Коомдук палата жактырбай коет деп чочулаган. Кийин ал Консерваторлор партиясынан колдоо таап, Брюсселге барып, Евробиримдиктин лидерлерин Британияда сынга кабылган жоболорду кайра карап чыгууга ынандыруу аракетин көргөн.

Тереза Мэй жетишилген келишимди "жакшы келишим" деп сыпаттап, британ парламенти аны жактырат деп үмүттөнөрүн айткан. Бирок ошол эле учурда Мэй анын кабинети "катаал Брекзитке" да даярданып жатканын кыйыткан. Ал учурда Британия Евробиримдиктен эч кандай расмий макулдашуусуз чыгышы да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG