Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Ишкер Мергенбаев дагы камакка алынды


Эркин Мергенбаев.
Эркин Мергенбаев.

Көчмөндөр оюндарында аты чырга илешкен ишкер Эркин Мергенбаев дагы камакка алынды.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын жубайы Айнур Мергенбаева билдирди. Анын айтымында, ишкер бул жолу Чолпон-Атадагы ат майданды куруу учурунда курулуш материалдарын кымбат баада алган деп айыпталууда.

Айнур Мергенбаева муну тергөөчүнүн жеке өчү катары баалады. Ал жолдошу түзөтүү абагында жаткан кезде операция болгонун, ден соолугуна байланыштуу жакында эле жатак абакка которулганын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, Мергенбаев учурда толук жакшы боло элек, өз алдынча баса албайт.

“Азаттык” радиосу ИИМдин башкы башкармалыгына бул боюнча маалымат алуу үчүн чалып, байланыша алган жок.

2014-жылы өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдогон “Темир Канат” ишканасынын жетекчиси Эркин Мергенбаевге иш козголуп, 2018-жылы январь айында алты жылга кесилген. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алган.

Анда Мергенбаев "аткезчилик менен алектенип, өлкө сыртынан товар ташып келген жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылган.

Эркин Мергенбаев президенттик аппаратты "ат майданды оңдоого кеткен каражатты толук төлөгөн жок" деп айыптап чыккан.

Кийин Чолпон-Атадагы ат майдан кайрадан оңдоодон өткөн. (BkA/ST)

XS
SM
MD
LG