Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Кыска метраждуу тасмалардын фестивалы жыйынтыкталды


Фестивалдын статуэткасы.
Фестивалдын статуэткасы.

15-декабрда "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" деп аталган VIII эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды. Фестиваль жыл сайын 12-декабрда - залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө башталат. Бул жылы фестиваль жазуучунун 90 жылдыгына арналган.

Бул жылы фестивалдын эл аралык сынагынын жыйынтыгы менен эң мыкты тасма деп молдовалык режиссер Евгений Дудчактын "Миллиард" аттуу тасмасы табылды. Мыкты режиссура үчүн өзбекстандык Шокир Холиковдун "Чай" тасмасы сыйга татыды.

Улуттук сынактын жыйынтыгы боюнча Караш Жанышовдун "Кош бол" тасмасы мыкты деп табылды. "Эң мыкты режиссура" наамы Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" тасмасына ыйгарылды.

"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" деп аталган фестиваль 2011-жылы белгилүү кинорежиссер, продюсер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Ага КМШ, Балтика өлкөлөрү жана Грузия катышып келет. Фестивалга даректүү жана аннимациялык тасмалар катыша алат. (KR)

XS
SM
MD
LG