Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Владимир Путин рэп ырчыларына багыт көрсөтүүнү сунуштады


Орусиялык продюсер Игорь Матвиенко
Орусиялык продюсер Игорь Матвиенко

Орусиянын президенти Владимир Путин рэп жанрында ырдап жүргөн ырчылардын концерттерине тыюу салууга байланыштуу оюн билдирди. Ал орусиялык продюсер Игорь Матвиенконун рэп ырчыларын колдоп, аларга багыт берүү сунушуна жооп берип жатып буларды айтты:

- Сиз "рэп жана башка заманбап искусствонун өзөгүндө секс, баңгизат жана протест турат" деп айттыңыз. Үчөөнүн ичинен эң эле кооптондурганы - баңгизат. Ал эми рэп ырчыларын туура багытка буруу олуттуу маселе. Биз рэп ырчыларын жетектеп, багытташыбыз керек.

Орусияда сентябрь айынан бери рэп багытындагы ырчылардын ондогон концерттерине бийлик тыюу салып, өтпөй калды. Хаски, Элжей жана башка жаш аткаруучулардын концерттери алгач ар кандай шылтоо менен, кийин ата-энелердин кайрылуусунан улам үзгүлтүккө учураган.

7-декабрда Орусиянын ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов концерттерге тыюу салуу боюнча эч кандай көрсөтмөлөр болбогонун билдирди. Ал эми президенттин аппаратынын башчысынын орун басары Сергей Кириенко концерттерге тыюу салууну “акмакчылык” деп атады. Ал ошондой эле бийликти жаштар менен тыгыз иштөөгө чакырды. (KR)

XS
SM
MD
LG