Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Финполдун техникалык кызматкерлеринин саны көбөйдү


Өкмөттүн буйругуна ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) техникалык жана тейлөө кызматкерлеринин саны 57ден 70ке көбөйдү. Мындай токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 6-декабрда кол койгон.

Аталган токтомдун негизинде өкмөттүн 1998-жылдагы
"Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого, маалыматтык коопсуздук жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна да өзгөртүүлөр киргизилген.

10-декабрдагы маалыматка ылайык Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 9 859 923 сом которду. Аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 247 760 861 сомду түздү. (KR)

XS
SM
MD
LG