Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:41

Анкара: Трамп Эрдоганга Гүленди “өткөрүп берүү боюнча иштеп жатканын” айткан


Фетхуллах Гүлен
Фетхуллах Гүлен

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун 16-декабрда маалымдашынча, АКШ президенти Дональд Трамп президент Режеп Тайып Эрдоганга түрк бийлиги 2016-жылдын 16-июлунда ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш аракетине айыптаган диниятчы Фетхуллах Гүленди “өткөрүп берүү боюнча иштеп жатканын” айткан.

Министр кошумчалагандай, бул тууралуу эки президент 30-ноябрда жана 1-декабрда Аргентинада өткөн “Чоң жыйырманын” саммити учурунда жолукканда сөз болгон.

Анкаранын бул билдирүүсүн АКШ президентинин администрациясы, Мамлекеттик департамент же Юстиция министрлиги ырастай элек.

Буга чейин Вашингтон Гүленди өткөрүп берүү үчүн Түркиянын келтирген далилдерин жетишсиз деп эсептеп келген. Бирок ноябрда NBC телеканалы Трамптын администрациясы диниятчыны өткөрүп берүү маселесин карай турганын маалымдаган. Мындай чечим "Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү боюнча Түркиянын Сауд Арабияга басымын күчөтпөө үчүн Вашингтондун түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды ынандыруу аракетин көздөйт" деп айтылган.

Бул маалыматка президент Дональд Трамп 17-ноябрда комментарий берип жатып, “жок, Гүленди өткөрүп берүү маселеси каралбайт”, – деп жооп берген.

78 жаштагы диниятчы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашайт. Ал түрк бийлигинин бардык айыптоолорун четке каккан.

XS
SM
MD
LG