Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:50

Өзбекстан: экс-баш прокурор эркиндигин сатып алабы?


Рашид Кадыров.
Рашид Кадыров.

Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанда 15 жыл бою башкы прокурор болгон, өлкөдө өтө бай адамдардын бири болуп саналган Рашид Кадыровдун үстүнөн сот башталганы турат.

"Азаттыктын” өзбек кызматы Кадыров боюнча тергөө ушул айдын башында жыйынтыкталганын жазды. Бул маалыматты Өзбекстандын өкмөтүндөгү мурдагы жана азыркы аткаминерлер ырасташкан. Айыпталып жаткандарга тергөөнүн бүтүмү менен таанышууга 25-декабрга чейин убакыт берилген.

66 жаштагы Рашид Кадыров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл жетектеди. Ал 2015-жылдын апрелинде кызматтан алынып, быйыл 22-февралда кармалган. Кадыров "Акча талап кылуу", "Кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу" жана "Пара алуу" беренелери боюнча айыпталып жатканы кабарланган.

Анын 39 жаштагы уулу Алишер Кадыровго Ички иштер министрлиги ушул жылдын мартында эл аралык издөө салган. Жалпысынан ата-балага жарым миллиард долларлык доо коюлган. "Кадыров иши" боюнча кармалган 24 кишинин көбү да прокуратура кызматкерлери.

"Чыныгы ууру болчу"

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

19-майда президент Шавкат Мирзиёев Анжиянга барган кезинде Кадыров айыбын мойнуна алып жатканын ишарат кылган:

- Азыр башкы прокурор бүтүндөй тобу менен түрмөдө. Миллиондогон долларды берип жатат. Ал бүт жерде коррупцияны жайылткан. Эки-үч айдан кийин ал болгонун болгондой сыналгыдан айтып бергидей кылам. Анткени ал бардык жерде коррупцияны жайылткан. Ар бир райондук прокурордон 30-40 миң доллардан алып турган. Чыныгы ууру болчу. Ошон үчүн прокуратурадагы кадрлардын 70 пайызы иштен айдалды. Ал жакка ак ниет адамдарды дайындадым.

Бирок Кадыров элден кечирим сурап сыналгыдан чыкканы тууралуу азырынча кабар келе элек.

Ал арада "Азаттыктын" өзбек кызматы мурдагы башкы прокурорду тергөө тобунун башчысы он айда алты ирет алмашканын жазууда. Атын атагысы келбеген жооптуу аткаминер муну "тергөө иши абдан солгун жүрүп жатканы" менен түшүндүрдү.

Эркиндик үчүн миллиондор

Өзбекстандын башкы прокурору Отабек Муродов.
Өзбекстандын башкы прокурору Отабек Муродов.

28-июнда Ташкентте Өзбекстан Сенатынын жыйынында азыркы башкы прокурор Отабек Муродов өзүнөн мурдагы жетекчини камоого кызыкчылык жок экенин ачык эле билдирген:

Биздин максат - аларды түрмөгө камоо эмес, тескерисинче, тарткан зыянды өндүрүп алуу экенин элге жеткиришибиз керек. Башкача айтканда, эгер алар зыяндын ордун толтурса, алганын кайтарса, бул үчүн аларды камактан бошотобуз. Бирок абдан чоң суммалар. Убагы келип, тергөө бүткөндө эл баарын билет.

Деген менен тергөө бүттү, бирок сот иши тууралуу элге кенен маалымат бериле элек.

Өзбек саясат талдоочусу Камолиддин Раббимов мурдагы башкы прокурор байлыгынын бир бөлүгүн берип, эркиндикке чыгып кетет же жумшак жаза алат деп болжоп жатат:

Камолиддин Раббимов.
Камолиддин Раббимов.

- Азыр менимче Рашидов мамлекетке кайсы бир өлчөмдө каражаттарын берип жатышы ыктымал. Канча "жесе", баарын кайтарып бербейт. Анткени ал акча Өзбекстандан чыгып кеткен. Өзбек саясий элитасы Балтиканын боюнан кыймылсыз мүлк алган. Латвияда, Литвада, Эстонияда өзбек көчөлөрү бар. Өзбекстандыктар анда мейманкана, ресторан өңдүү мүлк сатып алышкан. Ошондой эле Орусия, Араб Эмирлиги өңдүү өлкөлөргө алып чыгып кетишкен. Демек бир нече миллион кайтарса керек, бирок баарын берет дегенге эч ким ишенбейт.

Өзбекстанда Рашид Кадыровдон башка да прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, бажы, салык кызматтарынын жана атайын кызматтын мурдагы жетекчилери кармалган. Бирок алар боюнча тергөө кандай шартта өткөнү же өтүп жатканы беймаалым.

Өзбекстандык кесиптештер сот процесстери деле жабык болот го деп жатышат. Алар маалыматты атын атагысы келбеген бийликтеги жана бийликке жакын кишилерден алууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG