Грузияда 28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 59,52% алуу менен жеңишке жеткен Саломе Зурабишвили ант берип кызматына киришти. Ал 16-декабрдагы инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү саясий күчтөрдү бириктирүүгө, НАТО жана Еврошаркет менен кызматташтыкты тереңдетүүгө убада берди.
Ант берүү аземи борбор шаар Тбилисиден 100 чакырым ыраактагы Телави шаарында, 18-кылымда курулган хансарайда өттү. Ага 1800дөй чет элдик жана жергиликтүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер катышты. Чет өлкөлүк коноктордун катарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози болду.
Жүздөгөн адамдар Саломе Зурабишвилинин инаугурациясынын учурунда Телави шаарында акция өткөрүүгө аракет кылды, бирок полиция алардын алдын тороп, өткөрбөй койду.
28-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо оппозициялык күчтөрдүн талапкери Григол Вашадзе добуштардын 40,48% ээ болгон. Оппозиция "добуш берүүдө бурмалоого жол берилди" деп, шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.
Өз алдынча талапкер катары чыккан Саломе Зурабишвилини бийликтеги “Грузин кыялы” сүрөгөн. Ал Грузиянын тарыхындагы алгачкы аял президент болуп калды.