Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

Укук коргоочулардын отчетун "экстремисттик" деп тапкан чечим кайра каралат


"Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн, 17-декабрда укук коргоо уюмдарынын отчетторун "экстремисттик" деп тапкан чечимди кароого киришет. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл 22-октябрда Жогорку сот аталган уюм менен "Мемориал" дискриминацияга каршы борборунун мигранттар тууралуу биргелешкен отчетун "экстремисттик" деп тапкан Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 5-январдагы чечимин жокко чыгарган. Ал ишти кайра караш үчүн райондук сотко жиберген. Жараян бүгүнкүгө белгиленген.

Буга чейин Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чогулткан материалдардын негизинде аталган отчетту жана "Мемориал" дискриминацияга каршы борбору, "Фридом Хауз", Норвегия Хелсинки комитети чогуу жарыялаган Кыргызстандагы 2010-жылдын июнь окуялары тууралуу баяндаманы "экстремисттик" деп табуу тууралуу сотко кайрылган. Октябрь райондук соту документтерди басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салган. "Бир дүйнө - Кыргызстан" чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко даттанган. (NT)

XS
SM
MD
LG