Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

Беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду


Кыргызстандын жолдорунда катталган жол кырсыктарынын бири.
Кыргызстандын жолдорунда катталган жол кырсыктарынын бири.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, жекшембиде кечке жуук катталган авариянын себеби териштириле баштады.

16-декабрда саат 16.00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда, Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында «Фольксваген Пассат» менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышып, анын бири өрттөнүп кеткен.

«Тойота Ипсум» машинесинде жети киши, ал эми экинчи автоунаада айдоочу жалгыз болгону айтылууда. Каза болгон төрт адам жети кишилик машиненин жүргүнчүлөрү, калган үчөө ооруканада.

«Фольксваген Пассаттын» айдоочусу машине менен кошо өрттөнүп кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында 2018-жылдын башынан бери 500дөн ашуун жол кырсыгы катталды.

XS
SM
MD
LG