Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

ИИМ кытай жарандары милиция кызматкерин сабаган окуяга түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Кытайдын жарандары милиция кызматкерин сабап салды" деген тасма боюнча түшүндүрмө берип, бул окуя 2014-жылы болгонун билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы тактагандай, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык"), 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү")​ жана 174-беренеси ("Башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу") менен кылмыш иши козголгон. Бардык тергөө амалдары жүргүзүлүп, материалдар сотко өткөрүлүп берилген.

ИИМ акыркы мезгилде "WhatsApp" жана башка социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козуткан видеотасмаларды жана аудио-жазмаларды таратуу катталганын белгилеп, аларды тараткандарды тактоо иштери жүрүп жатканын билдирет. Мекеме аларга мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертет.

Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда милиция кызматкеринин формасын кийген кишилер денесинен жаракат алган жерлерин башка адамга көргөзүп жаткан видео тараган. Видеодо жабырлануучулар аларды Кытайдын жарандары сабап салганын баяндап берип жатканы көрсөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG