Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Пакистанда 15 согушкер өлүм жазасына кесилди


Пакистандын желеги.
Пакистандын желеги.

Согушкерлер коопсуздук тармагында иштеген 32 кызматкердин жана эки жайкын тургундун өлүмүнө себеп болгон кол салууларга байланышы бар деп айыпталган.

Соттун мындай өкүмү тууралуу Пакистан армиясы 16-декабрда жарыялаган баяндамада жазылган. Бирок өкүм качан аткарылары айтылган эмес.

2014-жылы Пешавардагы аскер мектебинде 150дөн ашуун кишинин өмүрүн алган кол салуулардан соң Пакистанда өлүм жазасына мурда киргизилген мораторий жоюлган болчу.

Быйыл 16-декабрда мектептеги кандуу окуяга төрт жыл толду.

XS
SM
MD
LG