Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Баткенде өлтүрүлгөн прокурордун атасы мекеме аралык тергөө тобун түзүүнү өтүндү


(Оңдон солго) катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынды.
(Оңдон солго) катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынды.

Баткенде өлтүрүлгөн прокурордун жакындары анын өлүмүнө шектүүлөрдү камоону талап кылып жатышат. 17-декабрда Оштогу басма сөз жыйынында маркумдун атасы Кубатидин Мамажакыпов уулу кызыкчылыгы бар топтун курмандыгы болгонун белгиледи:

- Эмне үчүн аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлор менин баламды кылмыш кылган кишинин машинесине салып беришет да, өздөрү кала беришет? Бул жерде баары алдын-ала пландалгандай болуп турат. Анткени уулумдун сөөгүн менин башка балдарым Чоң-Алайдан угуп, Баткенге баргыча издешкен эмес. Мына, бир ай өттү. Аны менен чогуу ичип, аңчылык кылган прокурорлор ишинен четтетилиптир, бирок ээн-эркин жүрүшөт.

Кубатидин Мамажакыпов уулунун өлүмүнө шектүү адамдарды жоопкерчиликке тартууну, күч органдарынын арасында мекеме аралык тергөө тобун түзүүнү президенттен жана башкы прокурордон өтүндү.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп, сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. (MdN)

XS
SM
MD
LG