Кыргызстандагы саясий, башкы административдик жана атайын кызматтарды ээлеген 141 аткаминер өз декларациясында мүлкүн жашырганы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул аткаминерлердин иши боюнча материалдар юридикалык баа бериш үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Асылкулов ошондой эле дагы 178 декларанттын маалыматы текшерүү этабында экенин билдирди. Эгер туура эмес жагдайлар көрсөтүлгөнү такталса, алардын иши прокуратура органдарына жиберилет.
Салыкчынын айтымында, аткаминерлердин декларациясында көбүнчө мүлкү, жер участкалары, банктык эсептери жана автотранспорттук каражаттары боюнча маалыматтар бири-бирине дал келбеген учурлар аныкталган.
Маалымат боюнча 2017-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.
Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы экенин жана элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген. (ErN)