Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Кантта өлүгү табылган адам орус авиабазасынын кызматкери экени айтылууда


Кант авиабазасы.
Кант авиабазасы.

Кант шаарындагы үйлөрдүн биринде 15-декабрда өлүгү табылган адам орус авиабазасынын кызматкери экенин маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Бирок бул кабар расмий ырастала элек.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева "Азаттыкка" билдиргендей, маркумдун жашы 39да болгону жана орус жараны экени аныкталган.

- Бул факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, экспертиза дайындалган. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал спирт ичимдигине ууланган, - деди ал.

Бир катар маалымат сайттары жеке булактарына таянып, маркумдун аты-жөнүн жана сүрөтүн жарыялап, ал Орусиянын Канттагы авиабазасында келишим менен иштеп жүргөнүн кабарлашты.

Милиция маркумдун иштеген жери тууралуу комментарий берген жок. Авиабазанын жетекчилигинен же басма сөз кызматынан маалымат алууга азырынча мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG