Кырсык Дзержинск шаарчасында болду. Орусиялык маалымат агенттиктери кабарлагандай, өндүрүштүк имараттын чатыры кыйраганда үч адам мерт болуп, дагы алты киши ар кандай деңгээлде жарадар болду. Алардын баары ооруканага жаткырылган.
“Техно групп” деген компанияга караштуу заводдун чатыры бүгүн эртең менен оңдоо иштеринин жүрүшүндө кыйраган. Орусиянын Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. (UE)