Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

18-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстандын тоолору. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тоолору. Иллюстрациялык сүрөт.

19-декабрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда, Ала-Белде, Чычкан капчыгайында жана Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшөт, жолдор тоң, тайгак болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек экенин эскертет.

“Кыргызгидромет” борбору 18-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаай турганын билдирет. Ош менен Жалал-Абадда жамгыр жаайт. Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Аймактарда туман болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -1…+4,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+6, күндүз -2…+3,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус болот.

18-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз бир аз кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG