Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

АКШ Дүйнөлүк соода уюмунда Кытайдын саясатын айыптады


АКШ менен Кытай делегацияларынын тамак үстүндөгү сүйлөшүүлөрү. Буэнос-Айрес, 1-декабрь, 2018-жыл.
АКШ менен Кытай делегацияларынын тамак үстүндөгү сүйлөшүүлөрү. Буэнос-Айрес, 1-декабрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын өкүлүнүн бүгүн Женевадан айткандарына караганда, Кытайдын “абийирсиз атаандаштык практикасы” чет элдик компаниялар менен жумушчуларга зыянын тийгизип, Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эрежелерин бузууда.

АКШнын соода өкүлү Деннис Ши бул тууралуу бүгүн алардын соода саясаты карала баштаган жыйында билдирди жана Вашингтон ДСУну реформалоо боюнча аракеттердин башында турарын кошумчалады.

Кытай болсо бул сөздөргө жооп кылып, АКШны ДСУнун реформасын “тең укуктуу консультациялар” аркылуу жүргүзүүгө чакырды.

Эки тараптын мындай билдирүүлөрү Вашингтон менен Бээжиндин соода тирешинде “токсон күндүк тыныгуу” жарыялангандан кийинки учурда айтылууда.

Убактылуу тыныгуу президенттер Дональд Трамп менен Си Цзиньпиндин ушул айдын башында Аргентинадагы жолугушуусунда макулдашылган.

Буга чейин быйыл АКШ үч айлампа менен Кытайдын акчалай наркы 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 200 миллиард долларлык товарына 10% кошумча бажы тарифин киргизген. Кытай да жооп катары үч баскыч менен АКШнын 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 60 миллиард долларлык товарына 10% тариф койгон.

Муну менен Кытай АКШнын өзүнө багытталган бир жылдык экспортунун 85% бөлүгүнө, АКШ азырынча Кытай экспортунун 50% азыраак бөлүгүнө кошумча салык салышты.

Дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын "соода согушу" быйыл июлда башталган. Ага чейин бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдө тараптар мунаса таба алган эмес.

Вашингтондогу азыркы администрация 1974-жылдагы мыйзамга таянып, өз кадамын негизинен эки себеп - “соодада адилеттикти орнотуу” жана Кытайды “интеллектуалдык менчикти уурдоодон” баш тарттыруу максаты менен түшүндүрүп келет. Бээжин тескерисинче, АКШнын аракеттерин соодадагы протекционизм катары сынга алып, ага жооп кайтарууга аргасыз болгонун белгилеп жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG