Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:45

Жерүй кенин иштеткен компания "ВТБ банктан" насыя алууда


Жерүйдө иштеп жаткан техника.
Жерүйдө иштеп жаткан техника.

Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы орусиялык "ВТБ банктан" 180 миллион доллар насыя алууда. Анын алгачкы траншы берилди.

Компаниянын расмий өкүлү Данияр Жаныкулов "Азаттыкка" билдиргендей, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттен 2018-жылдын сентябрында лицензияны күрөөгө коюш үчүн уруксат алынган. Бирок комитеттин жетекчиси алмашкан соң лицензияны күрөөгө коюу тууралуу чечим артка чакыртылган.

Жаныкулов лицензия күрөөнүн бир бөлүгү экенин белгилеп, негизги кепилдик компаниянын инвесторлордун капиталы жана мүлкү экенин айтты. Учурда тараптар бул боюнча сүйлөшүүнү улантып жатат.

Насыя алтын иштетүүчү фабриканы жана чыгынды сактоочу жайды куруу үчүн суралган. Айрым басылмалар насыянын 10 миллион доллары берилгенин да жазып жатышат. Жаныкулов насыянын биринчи траншы келгенин, бирок так суммасы тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин адистери маалымат текшерилерин билдиришти.

Жерүй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөр боюнча бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

XS
SM
MD
LG