Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дүйшөнбек Үкүев 71 жашында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Маркумдун жакындарынын айтымында, аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-декабрда саат 10:00дө Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында болот.
Дүйшөнбек Үкүев - обончу, ырчы жана аткаруучу. Ал Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында 1947-жылдын 20-июнунда туулган. 1967-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иштеп келген.
1990-жылы композитор Жумамүдүн Шералиевдин 75 жылдыгына арналган фестивалда «Көз алдымда элесиң» аттуу ырын ырдап, баш байге алган. 1998-жылы республикалык обончулардын кароо-сынагында Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган «Отуз жаш» аттуу обону менен биринчи байгеге татыган. Атай Огомбаевдин 100 жылдыгына арналган телефестивалда диплом жана баалуу белектерди алып, 2002-жылы Муса Баетовдун 100 жылдыгына арналган эл аралык телефестивалда «Сагынам» аттуу ыры менен лауреат болгон.
Ал 50дөн ашык обондун автору. Чыгармаларынын көпчүлүгү Кыргыз радиосунун алтын казынасында сакталуу.